Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Украина Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Киев шаары. 2025-жылдын 6-июну.
Киев шаары. 2025-жылдын 6-июну.

Украина 6-июнга караган түнү кайрадан Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылганын, жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, айрым жерлерде жарандык инфраструктура кыйраганын маалымдоодо.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, борбор калаа Киевде орусиялык соккунун кесепетин жоюу ишине тартылган үч куткаруучунун өмүрү кыйылды, алар аткылоого карабастан адамдарга жардам берип жаткан жеринен мерт кетти. Борбор калаа мэри түнкү аткылоодон каза тапкандардын жалпы саны төрт киши экенин айткан.

Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин дагы тогуз куткаруучусу жараат алганы, арасында абалы оорлору бар экени кабарланууда.

Тернополь шаарында да Орусиянын чабуулунан тутанган өрт менен алышып жатып беш куткаруучу жараат алганы маалымдалды.

Орусия стратегиялык бомбалоочу учактарынан канаттуу ракеталарын Сумы облусунун аймагынан, Кара деңиз тараптан учурганын Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Чернигов шаары баллистикалык ракета жана учкучсуз учак менен аткыланганын, үйлөр талкаланып, адамдар жабыркаганын шаар башчысы Александр Ломако жазды.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Луцк шаарында согуштук дрондордун соккусунан беш киши жараат алганын, жалпысынан бул калаанын аймагы 15 учкучсуз учак жана алты ракета менен аткыланганын мэр Игорь Полищук кабарлады.

Орусия бул түнү согуштук дрондору, канаттуу жана баллистикалык ракеталары менен Киев, Чернигов, Луцк, Тернополь, Кривой Рог, Харьков, Львов, Хмельницкий, Одесса, Николаев, Черкасск аймактарын бутага алды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG