Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Футбол: Кыргызстан менен Түндүк Корея тең ойноду


Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол курамаларынын беттеши. Эр-Рияд, Сауд Арабия.
Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол курамаларынын беттеши. Эр-Рияд, Сауд Арабия.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасынын алкагында Түндүк Корея курамасы менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыкты.

Беттеш 5-июнда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы нейтралдык стадиондо өттү.

Алгачкы эки гол түндүк кореялыктардын эсебине жазылды. 57-мүнөттө кыргыз курамасынан Гүлжигит Алыкулов атаандаш дарбазага гол киргизип, эсепти 2:1 кылды. Оюнга берилген кошумча убакытта түндүк кореялык Сун Хе Кимге автогол жазылып, оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарынын 3-айлампасында Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея менен А тайпасына бөлүнгөн. Бул тайпада Иран 20 упай, Өзбекстан 18 упай топтоп, Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышты.

5-июнь күнү Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттары менен тең ойноп, тарыхында алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатында ойной турган алгачкы курама команда болуп калды. Иран курамасы Дүйнө чемпионатына чыгары ага чейин эле белгилүү болгон.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 14 упай, Катар 13 упай топтоп, Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарынын 4-айлампасына чыгышты. 7 упай алган Кыргызстан менен 3 упай топтогон Түндүк Корея 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан четтеди. Кыргыз футболчулары алты оюнда утулуп, 2 оюнда жеңишке жетип, бир оюнда тең чыкты.

9-турга чейин Кыргызстан үчүн тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыгууга мүмкүнчүлүгү сакталып келген. Ал үчүн 5-июнда болгон Иран менен Катар беттешинде Катар курамасы жеңилиши, Кыргызстанга акыркы эки турда кийинки айлампага чыгууга жетиштүү упай топтошу керек эле. Бирок бул күнү Катар Иранды 1:0 эсебинде утуп, тайпадан 4-орунду бекемдеди.

Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандоо оюндарында 2023-жылы 2-айлампадан баштап ойноп, тайпада Омандан кийин 2-орунду алып, алгачкы жолу 3-айлампага өткөн. Аны менен кошо кыргыз футболчулары 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык баскычына да жолдомо алган. Алдыда 10-июнда Бишкекте Бириккен Араб Эмираттары менен 3-айлампанын акыркы беттеши болот. Бул оюндун жыйынтыгы 4-айлампага чыгууга таасир бербейт.

2026-жылы АКШда, Мексикада жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.

2023-жылы 5-сентябрда башталган 3-айлампадагы тандоо оюндары ушул айда аяктайт. 4-5-айлампадагы тандоо оюндары быйылкы жылдын ноябрь айына чейин созулат. (ECh)

Шерине

XS
SM
MD
LG