5-июнда Өзбекстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен маанилүү оюн өткөрүп, 0:0 эсебинде тең чыкты. Өзбек курамасы дүйнө мелдешине жолдомону камсыз кылды.
Беттештин жүрүшүндө БАЭ Өзбекстан курамасынын дарбазасына эки кооптуу сокку урду. Эки жолу тең дарбазачы Откир Юсупов топту тосуп калды. Беттештин мыкты оюнчусу деп Өзбекстан курамасынын дарбазачысы табылды.
Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Өзбекстан өз тайпасында экинчи орунда турат. Биринчи тепкичте - Иран курама командасы. Сегиз беттеште тең жеңген Иран 25-мартта дүйнө чемпионатына жолдомону камсыздай алды.
БАЭнин курамасы 1990-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышкан жана соңку жылдары Азия Кубогунда жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келет.
Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Дүйнө чемпионатына жолдомо алган биринчи улуттук курама болуп калды.
Кыргызстан алты упай менен 5-сапта. Кыргыз футболчулары алты оюнда утулуп, эки мелдеште жеңишке жетти.
2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.
3-айлампадагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама тандалып, алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар ар бир өлкөнүн өзүндө же атаандаш команданын мекенинде өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.
5-сентябрда башталган 3-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-айлампадагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат. (AiA)
Шерине