Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Молдова Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тартты


Айдар Халиков. Архивдик сүрөт.
Айдар Халиков. Архивдик сүрөт.

Кишиневдин соту Молдованын Башкы прокуратурасынын кыргыз жараны Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө өтүнүчүн карап, аны четке какты. Бул тууралуу 5-июнда Халиковго укуктук жардам көрсөткөн Молдовадагы Promo-LEX укуктук ассоциациясы өз сайтында маалымдады.

Халиков Кыргызстандын бийлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаганынын негизинде быйыл 10-январда Молдовада кармалган. Кыргызстандын укук коргоо органдары аны "алдамчылык менен кимдир бирөөгө олуттуу зыян келтирүүгө шектүү катары” көрсөтсө, Халиков айыптоолорду төгүндөп, мекенине экстрадицияланса кыйноого кабылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 11-январда билдирүү таратып, Халиков Молдовада кармалганын ырастаган жана аны өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кабарлаган.

Айдар Халиков Молдовадан башпаанек сураган. 27-январда Молдованын Башкы прокуратурасы аны Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө өтүнүч менен сотко кайрылган.

Молдованын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы инспекциясы 22-майда Халиковго башпаанек берген. Анын негизинде Кишинев соту 2-июнь күнү Халиковду Кыргызстанга өткөрүп берүүгө тыюу салган чечим чыгарды.

Документтеги аты-жөнү Хайдарали Халиков коомчулукта Айдар Халиков деген ат менен белгилүү.

Айдар Халиков 1965-жылы Өзбекстанда туулуп, кийин “Кайрылман” программасы менен 2013-жылы Кыргызстандын жарандыгын алып, үй-бүлөсү менен көчүп келген. Ал ишкерлик менен алектенип, “Эркин Кыргызстан” партиясында төраганын орун басары болгон.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон. 2024-жылы Жапаров өзүнүн администрациясын реформалоонун алкагында Халиков баш болгон коомдук башталыштагы 26 жардамчысын жана кеңешчисин кызматтан бошоткон.

Халиков мындан кийин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду кескин сындап турган.

Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган журналист Болот Темировго былтыр 13-ноябрда берген интервьюсунда Айдар Халиков президентти жана анын айланасындагыларды катуу сынга алган. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбукка жазган жообунда Халиковдун өзүн алдамчылыкка айыптаган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG