Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Газа: Израил барымтадагы эки адамдын сөөгүн алганын кабарлады


Гази тилкеси.
Гази тилкеси.

Бейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган ХАМАС радикал тобу барымтага алган адамдардын экөөнүн сөөгү алынганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы Жуди Вайнштейн жана анын күйөөсү 72 жаштагы Гади Хаггайдын сөөгү Израилге өткөрүлүп берилди. Жубайларда Израилдин жана АКШнын жарандыгы болгон.

Израил армиясы ЦАХАЛ жубайлардын сөөгү Газа тилкесиндеги Хан-Юнис аймагында табылганын жана өздүгүн аныктоо иштери жүргөнүн маалымдады.

Жуди Вайнштейн жана анын күйөөсү Гади Хаггай 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС барымтага алгандардын арасында болгон. Алардын артында төрт баласы жана жети небереси калды.

Израил армиясынын болжолдуу эсебинде, ХАМАСтын колунда ушул тапта 50 чакты киши отурат, бирок алардын 21и гана тирүү.

Тилкедеги согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин жооп иретинде баштаган согушу 54 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

19-майда Израилдин куралдуу күчтөрү анклавдын түндүгү менен түштүгүндө жердеги ири масштабдагы операциясын баштаганын жарыялаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG