Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Германия аскер санын 60 миңге көбөйтүүнү көздөөдө


Борис Писториус.
Борис Писториус.

Германия аскер кызматкерлеринин санын дагы үчтөн бирине чейинки санга көбөйтүшү керек экенин өлкөнүн коргоо министри Борис Писториус билдирди. Бул тууралуу 5-июнда Deutsche Welle кабарлап, ал мындай зарылчылык Орусиянын улам күчөп бараткан коркунучуна байланыштуу деп эсептерин жазды.

Министрдин айтымында, дагы кошумча 50-60 миңдей аскер керек.

Аскердик кызмат азыркыдай ыктыярдуу бойдон калабы же жокпу, келечек көрсөтөрүн айткан жетекчи Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынындагы сөзүндө немис армиясы келишимдик негизде кызмат өтөй тургандарды көбүрөөк тартып, аларды машыктырып, окутушу зарыл экенин айтты.

Брюсселде альянстын коргонуу мүмкүнчүлүгүн масштабдуу деңгээлде бекемдөө, айрыкча абадан коргонуу системаларына көңүл буруу маселелери талкууланып жатат.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте азыркы абалды "тарыхый" деп мүнөздөп, альянс ыктымал агрессиянын мизин кайтарууга даярдыгын так көрсөтө алгыдай болушу зарылдыгын белгиледи:

"Бул кошумча каражат талап кылышы ыктымал, бирок келечекте өзүн актайт".

Европа аймагында жайгашкан эгемен өлкө Украина 2022-жылдын февралынан бери коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясынан жапа тартып келе жатат. Европа өлкөлөрү жана АКШ ага колдоо көрсөтүүдө. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG