Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Айжигитовдун ордуна Муратбеков мандат алды


Жаңы мандат алган Табылды Муратбеков жана БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.
Жаңы мандат алган Табылды Муратбеков жана БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) Султанбай Айжигитовдон мандат алынгандан кийин бош калган Жогорку Кеңештеги депутаттык орунду партиянын тизмесинде кийинки кезектеги Табылды Муратбековго өткөрүп берди. Чечим БШКнын 5-июндагы отурумунда кабыл алынды.

Депутатка белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров тапшырды.

Табылды Муратбеков 30 жашта. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин 2016-жылы аяктаган. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп иштеген.

2021-жылкы парламенттик шайлоодо Табылды Муратбеков "Ыйман нуру" партиясында 5-орунда турган жана шайлоодо 2 миңдей добуш алган. Фракцияда жалпы 5 мандат бар.

67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыратылган. Ал мунун баарын “саясий куугунтук” деп атап келет.

30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Султанбай Айжигитовду аялы Гүлзат Жолдошова менен кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кашы жарылган, аялы экөөнүн колу көгала экени тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Султанбай Айжигитовду жана анын жубайын кармоо учурунда денесинен жаракат алды деген маалыматтарды четке каккан.

УКМК Айжигитовго жана Гүлзат Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат мурдагы депутат жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.

Султанбай Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин билдирип, “саясий куугунтукка” кабылганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Динара Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.

30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбай Айжигитов менен Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG