АКШда өлкө президенти Дональд Трамп менен анын тарапташы болуп келген мультимиллиардер Илон Масктын ачык кайым айтышуусу экөөнүн тең компанияларынын акцияларынын курсу төмөндөп кетишине алып келди.
Масктын Tesla ишканасынын баалуу кагаздары бир нече саатта наркынын 15 пайызын жоготту, 322 доллардан сатылып жаткан ар биринин баасы 275 доллар болуп калды.
Трамптын 2021-жылы негизделген Trump Media & Technology Group медиа компаниясынын акциялары 11 пайыз арзандай түшкөнүн (21,8 доллардан 19,3 долларга) Deutsche Welle жазды.
Маск Трамп тууралуу Х социалдык түйүнүнө "Мен болбосом Трамп шайлоодо утулмак, Өкүлдөр палатасын демократтар көзөмөлдөп калмак, республикачылар Сенатта утулмак. Кандай жакшылыкты билбегендик", - деп жазды.
Анын алдында Трамп Ак үйдө өткөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып мамлекеттик чыгымды кыскартуу тууралуу мыйзамды сындап чыкканы үчүн Масктан "көңүлү калганын" айткан. Ал Маск АКШда электромобилдерге мамлекеттен берилүүчү субсидия кыскарып жатканына нааразы экенин, себеби андай каржылык жеңилдик анын компанияларына пайдалуу болуп келгенин белгилеген.
Ошондон кийин Маск өтө ачууланып, Х социалдык түйүнүнө бул мыйзамга каршы бир нече твит жарыялады, Трамптын субсидия тууралуу айтканын "накта калп" деп атады жана аны башка да иштерге айыптады, өзүнчө саясий партия ачуу демилгесин көтөрдү.
Маск Трамптын шайлоо өнөктүгүнө 250 млн доллардан ашуун каражатын коротконун билдирген, кийин ал президент болуп келгенден кийин администрациясында жаңы ачылган өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу боюнча департаментти жетектеген. Жакында ал кызматын тапшырып, Трамптын ыраазычылыгын алып кеткен. (RK)
Шерине