Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

"Орусиянын бир да объектине бизде орун жок". Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду


Крым көпүрөсү.
Крым көпүрөсү.

Украина Москваны Орусия оккупациялган Крым менен байланыштырган негизги көпүрөгө суу алдында чабуул жасаганын билдирди. Өлкөнүн Коопсуздук кызматынын бул билдирүүсү Украинанын "Желе" операциясынан эки күндөн кийин жарыяланды.

Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) Крым (Керчь көпүрөсү) көпүрөсүнүн түркүктөрүнүн бирин суу астында жардыруу операциясын жүргүзгөнүн 3-июнда билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта атайын операция ушул күндүн таңында болгону айтылат. Коопсуздук кызматы көлөмү бир тоннадан ашык жардыгыч зат колдонулганын маалымдады.

"Жардыруунун натыйжасында көпүрөнүн бир түркүгү катуу жабыркап, көпүрө авариялык абалда турат. Жайкын тургундар арасында жаракат алгандар жок", - деп айтылды маалыматта.

Украинанын Коопсуздук кызматы жарыялаган жана "Свобода" радиосу текшерген видеодо көпүрөнүн астында катуу жарылуу болгонун көрүүгө болот. Бирок жардыруудан келип чыккан чыгым канча экени белгисиз.

Крым (Керчь көпүрөсү) көпүрөсү. 3-июнь, 2025-жыл.
Крым (Керчь көпүрөсү) көпүрөсү. 3-июнь, 2025-жыл.

Коопсуздук кызматы бул операция дээрлик үч ай даярдалганын жана ал мекеменин башчысы Василий Малюктун көзөмөлүндө болгонун кабарлады.

"Украинанын Коопсуздук кызматы эмне иш баштаса да, акыры аягына чыгарат. Буга чейин биз Крым көпүрөсүнө эки жолу - 2022-жылы жана 2023-жылы зыян келтиргенбиз. Бүгүн эми ошол салтты суу астында уланттык. Орусиянын бир дагы мыйзамсыз объектисине биздин мамлекеттин аймагында орун жок.

Ошондуктан Крым көпүрөсү - абсолюттук түрдө мыйзамдуу бута, анткени душман аны өзүнүн аскерлерин камсыздоо үчүн логистикалык артерия катары колдонуп жатат. Крым - Украина. Кайсы гана оккупация болбосун, катуу жообун алат", - деди Василий Малюк.

Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА Новости 3-июнь күнү таңкы саат 6:00дө көпүрөдө кыймыл убактылуу токтотулганын жазган.

Орусиянын Коргоо министрлигине жакын "Рыбарь" каналы кыймыл убактылуу токтотулганын жана ал кайра калыбына келгенин кабарлады.

Интерфакс басылмасы көпүрөдө кыймыл эки жарым сааттан кийин калыбына келгенин жазды.

Крымдын Москвага баш ийген администрациясынын башчысынын кеңешчиси Олег Крючков социалдык тармактарга жазган комментарийинде украиндер Крымдын жээгинде активдешкенин белгиледи. Ошону менен катар ал "маалыматтык чабуул жүрүп, жалган маалымат таратылып жатканын" да кошумчалады.

Украинанын келечек институтунун эксперти, Жогорку Раданын улуттук коопсуздук боюнча консультанты Иван Ступак жардыруунун кесепети орчундуу эместигин, бирок мындай чабуулдар эми күчөшү ыктымал экенин 4-июнда айтты:

"Бүгүнкү күндүн таңына алынган маалыматтарга караганда, көпүрө жарактан чыгып же авариялык абалда деген дээрлик кабар жок. Тескерисинче, кыймыл токтобой, ал иштеп жатканы тууралуу жаңылыктар арбын. Ошондуктан бир күн мурунку жардыруунун кесепети чоң деп айтууга эрте. Бирок бул Украинанын үчүнчү аракети. Бул жолу суу алдынан чабуул кылууга аракет кылышты. Жардыргыч зат тууралуу айтылып жатканы менен менимче, бул суу алдында чабуул жасаган атайын дрондор болушу мүмкүн. Муну менен атайын кызмат Орусияга белги берди. Эми ушул сыяктуу дрон менен чабуулдар уланышы толук мүмкүн. Крым көпүрөсү дал ушул учурда Украина үчүн стратегиялык объект эмес. Ал коомчулукка Крымдын оккупацияланганы, согуштун башталганынын символу катары белгилүү. Ошол эле кезде Крымга темир жол ачылганын жана машине жол бар экенин эске алуу менен көпүрөнүн бир же эки тирөөчү жарылса Крым изоляцияда калат деп айтканыбыз объективдүү болбой калат".

Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири. Көпүрө 2020-жылы ачылган. 2022-жылы 8-октябрда алгачкы жардыруу болгон. Экинчиси 2023-жылы 17-июлга караган түнү уюштурулган. Орусия бул көпүрөнү жарым аралдагы армиясын тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо үчүн колдонуп келет.

1-июнда Украина Орусиянын бир нече регионуна дрон менен чабуул жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аскердик аэродомдор чабуулга туш болгонун билдирип, муну “Киев режиминин теракты” деп атады. Мекеме Иваново, Рязан жана Амур чөлкөмдөрүндө соккулардын мизи кайтарылганын кошумчалап, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Украинанын коопсуздук кызматы ошол эле күнү Орусиянын Сибирдеги авиабазасына чабуул коюлганын социалдык тармактарга жазган.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн билдирип, "Желе" деп аталган атайын операцияны ишке ашырууга бардыгы болуп 117 дрон колдонулганын маалымдаган.

Ишембинин кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланган. Жекшембиге караган түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган.

Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко теракт беренеси менен иш козголгонун билдирген.

2-июнда Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өттү. Бир саатка гана созулган кездешүүдө тараптар туткундарды айырбаштоо өңдүү гуманитардык маселелер тууралуу макулдашып, ок атууну токтотуу жаатында эч кандй олуттуу алга жылуу болгон жок.

Маалыматтарга караганда, Москва мурдагыдай эле Киевден оккупацияланган аймактарды Орусияныкы деп таануу өңдүү ири чегинүүлөрдү талап кылууда. Украина андай шарттарды кабыл алынгыс деп атап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG