Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушов облустук соттун чечими менен кайрадан тергөө абагына камалды. Облустук сот шаардык соттун буга чейинки токтомун жокко чыгарды. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү себеп болду. УКМК казыятта "мыйзамсыз акча чогултуу" фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирип, Мирланбек Токтомушовду 23-майда камакка алган. Шаардык сот аны үй камагына чыгарган эле. Бул окуядан кийин Кыргызстандын муфтийи диний кызматкерлерге финансылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүү керектигин эскерткен.
Ош облустук соту мурунку казы Мирланбек Токтомушовду кайра камакка алуу боюнча чечимди 29-майда чыгарган. Буга атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү себеп болгон. Сот таркаткан маалыматка ылайык, Токтомушов 18-июнга чейин УКМКнын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта болот. Ош шаардык сотунун аны үй камагына чыгаруу боюнча буга чейинки токтому жокко чыгарылды.
22-майда Мирланбек Токтомушов жана казыяттын дагы үч кызматкери кармалганда Улуттук коопсуздук комитети көптөн бери бул казыятта "мыйзамсыз акча чогултуу" фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирген.
"Ош шаардык казыятынын кызматкерлери мечит, медреселердин кызматкерлеринен такай акча чогултуп келген. Бул казыяттын ишине эле эмес, бийликке карата да нааразычылык жараткан. Мындай фактылардан улам УКМКга арыз түшкөн. Атайын кызматтын аймактык башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталган", - деп жазылган маалыматта.
23-майда Ош шаардык соту казыны камакка алуу чечимин чыгарып, бирок бир күндөн кийин кайра үй камагына чыгарган болчу.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да, кармалгандардын жакындары менен жактоочулары да иштин чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.
Мирланбек Токтомушов Ош шаарынын казысы болуп 2023-жылдын январында дайындалган. Ага чейин Ош шаарындагы мечиттерде имам-хатиб, казынын орун басары болуп иштеген. Муфтияттын сайтында анын кызматынан алынгандыгы тууралуу кандайдыр бир маалымат жарыяланган жок.
26-майда Ош шаардык казыяттын башчысы болуп Самидин Атабаев дайындалган. Ошол эле күнү Ош шаарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров жергиликтүү имамдар, диний кызматкерлер менен жыйын өткөргөн. Муфтияттын сайтындагы маалыматка ылайык, Абдулазиз Закиров аларга финансылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүү керектигин эскерткен.
"Мамлекеттик мыйзамдарга жана өзүбүздүн диний башкармалыктын уставына ылайык иш алып баралы. Биз мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң өз ишмердүүлүгүбүздү, мисалы, финансылык иштерди тиешелүү нормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, бирок ал укуктук жактан жаңылыш болуп калат", – деп сүйлөгөн муфтий.
Дин тармагын талдаган эксперттер чөйрөсүндө муфтияттын системасында финансылык тартип жолго коюлбай келатканын айтышат. Муну менен катар диний уюмдардын жетекчилерине коюлган аттестация, жогорку светтик билим тууралуу талаптар акырындап четке сүрүлүп калганын эске салышат.
Коопсуздук жаатындагы эксперт Талант Разаков дин чөйрөсүндөгү төбөлдөрдүн финансылык шылуундукка байланыштуу чуулардын чордонуна түшүп калышы Кыргызстандагы дин эркиндигинин өтө кенен болуп, аны айрымдар туура эмес жолго да пайдаланып кетип жатышканынан көрөт. Мындан улам ал диний чөйрөдө мыйзамдык тартип менен мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы турат деп эсептейт:
"Элди туура жолго тарбиялай турган, Кудай жолуна сала турган адамдардын ушундай адашып кетиши өкүнүчтүү, албетте. Абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Биринчи эле нерсе – бул эркиндиктин кенен берилгенинен деп ойлойм. Буга чейин деле ошондон пайдаланган бир топ фактылар болгон. Көп учурда акчаны туура эмес пайдаланган, кимдир бирөөнүн эсебине түшүп калып, ызы-чуу болгон учурлар болгон. Мына, окуялар көрсөтүп жатат, ошондуктан мамлекет кандайдыр бир деңгээлде бир тартипти карманыш керек экен бул жагында дагы. Антпесе, мүмкүнчүлүктөр кенен болуп, өз билгенин кылып, элден туура эмес акча жыйнап жаман нерсеге барып жатышат”.
Бул соңку беш жыл ичиндеги Кыргызстандын Дин башкармалыгынын расмий ишмерлеринин катышуусундагы экинчи финансылык чуу болуп эсептелет.
2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы-муфтий Максатбек Токтомушев жарандардан ажылык сапарга чогултулган миллиондогон долларлык каржыны мыйзамсыз колдонгон деген шек менен кармалган, кийин аны сот үй камагына чыгарган.
Шерине